ИИМ жол эрежесин бузгандарга айыппулду көтөрүүгө белсенүүдө (видео)

1285

Жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгон айдоочулар 3 миң сом мас болуп рулга отургандарга 30 миң сом айып салынышы мүмкүн. Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузгандар үчүн штарфтардын өлчөмүн 3 эсеге чейин көтөрүлгөнү жатат. Ага ылайык, админстративдик кодекске жана «автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Бул документтин долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Патрулдук милиция башкы башкармалыгы, штрафты жогорулатуу менен жол кырсыктарынан санын азайтууну көздөп жатат. Бирок бул аракет жол инспекторлору үчүн коррупциянын дагы бир булагын ачат, деген пикирлер дагы бар.