ИИМдин кызматкерлери миллион сомдон ашык акчаны кымырып алган

718

Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери 1 млн. 40 миң сомду кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаардык прокуратурасы менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы административдик мыйзам бузуудан жана виза режимин бузган чет өлкөлүктөр төлөгөн айыптан түшкөн каражат кымырылган коррупциялык схеманы аныкташты.

Алынган маалыматка ылайык, 2015-жылдан 2018-жылга чейин ИИМдин Ленин, Свердлов райондорунун ички иштер башкармалыктарынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери «Р» аттуу компания менен келишип алып, 104 мыйзам бузуудан 1 млн. 40 миң сом кымырышкан. Алар айып катары төлөнүүчү акчаны «Р» компаниясынын кассасы аркылуу өздөрүнө алышкан. Бул кылмышты жашырыш үчүн кийин документтерди жок кылышкан.

Учурда факт боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет соттук өндүрүшкө чейинки тергөөнү баштап, иш Кылмыштар менен жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.