ИИМдин лабораториясы урап калуу коркунучунда (видео)

1260

Ички иштер министрлигинин госпиталы кейиштүү абалга келип, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштады. Эскигили жеткен имарат жыл сайын жамап жаскала бергендиктен, тамтыгы да калган эмес. Бишкек башкы архитектурасы да жакында эле аталган мекемеге кароо жүргүзүп, аны жаңылоо зарыл деген тыянак чыгарган.
Себеби госпиталдын имараттарынын бири 85 жыл мурда тургузулгандыктан, эксплуатациялык мөөнөтү эчак эле аяктаган. Бирок жаңы мекеме салууга министрликтин бюджетинде акча тартыш экен. Болгону үнөмдөлгөн акчалардан анча-мынча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө гана мүмкүнчүлүк бар.