Икрамжан Илмиянов бир кишилик камерага киргизилди

648

Кыйноолорго каршы улуттук борборунун маалыматына караганда, Илмиянов өзүнүн өтүнүчүнүн негизинде бир кишилик камерага которулган. УКМКдан кабарлашкандай, айыпталуучунун өмүрүнө эч кандай коркунуч жаралган жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шопуру, эң ишенимдүү адамы 20-октябрда кармалган. Ал алдамчылык беренеси боюнча айыпталууда. Икрамжан Илмиянов былтыр жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар пара алган деп күнөөлөнүп жатат. Улуттук коопсуздук комитети, Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын кабарлады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.