Икрамжан Илмияновдун соту 31-июлда каралат

949

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун иши сотто 31-июлда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиришти. Ага карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 3-июлда билдирген.

Маалыматка караганда, Илмиянов алдамчылык менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталып жатат. 10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда.

Эске салсак, учурда Бишкектеги УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Икрамжан Илмиянов, 2018-жылдын 20-октябрында Россиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.