Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланды (видео)

565

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу, кеңешчиси Икрамжан Илмияновго коррупция боюнча айып тагылып, ага издөө жарыяланды. Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук комитетинин өтүнүчү менен аны камакка алуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле ага сыртынан айып тагылганы белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, Илмиянов президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турганда бир ишкерден 150 миң доллар пара алган деп айыпталууда.

Учурда УКМК аны издөө иштери жүрүп жатканын, Илмиянов өлкөнүн сыртында болушу мүмкүнчүгүн айтууда. Ал арада эксперттер тергөө дыкат иликтөө жргүзсө, Икрамжан Илмияновго байланыштуу бир топ олуттуу иштердин бети ачылышы мүмкүн дешет.