Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланды

705

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу, кеңешчиси Икрамжан Илмияновго коррупция боюнча айып тагылып, издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кечээ кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту улуттук коопсуздук комитетинин Икрамжан Илмияновду камакка алуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган. Бирок ал Кыргызстанда болбогондуктан, айыбы сыртынан тагылып, изделүүдө.

Маалыматтарга караганда, Илмиянов президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турганда бир ишкерден 150 миң доллар пара алган деп айыпталууда.

Учурда ал кайда экени белгисиз. Айрым жергиликтүү сайттар Илмиянов Россияда жүргөнүн жазып чыгышты. Ал Кыргызстандан ушул жылдын 18-июнунда «Манас» аэропортунан Москва багыты боюнча учуп кетип, кайра кирбегени айтылууда.