Илдет басаңдап, медиктер унутулдубу? Контейнерде жашаган дарыгер (видео)

2058

Чүй областынын бир айылын тейлеген жалгыз фельдшер-айым жардамга муктаж. Төрт баланын энеси 5 жылдан бери контейнерде жашап келет. Аптаптуу күндөрү темир үйдүн ичи ысып кыйналса, аба ырайынын суукташы менен уул-кыздарым ооруп калат деп тынчсыздана баштайт.

Аламүдүн районунун Восток айылында 13 жылдан бери фельдшердик-акушердик пунктта эмгектенген Толкун Рахматова мамлекет тарабынан жардам ала албай келет.