Илдет менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоо акциялары (видео)

1085

“Биз силер мененбиз”! Дал ушундай ураан менен саламаттыкты сактоо кызматкерлери Сузактагы кесиптештерин колдоо акциясын башташты. Ага бир катар ак-халатчандар кошулуп, илдет менен күрөшүп жаткандарга дем-күч беришүүдө. Айтымдарында, буга чейинки даярдык башка, ал эми иш жүзүндө — илдет менен күрөшүү таптакыр башка. Тактап айтканда, психологиялык-физикалык жактан оор жана жоопкерчиликтүү.

Ал арада карапайым тургундардан тарта, ири ата-мекендик өндүрүшчүлөр жана белгилүү адамдарга чейин медицина, чек ара кызматкерлерин моралдык жана материалдык жактан колдоо күч алды. Парламент депутаттары бир айлык маяналарын бере турган болсо, миллиондоп акча которгондор да бар.