Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бир жыл болду

1041

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө туура бир жыл болду. Анын жылдыгына арналып кичи мекени Кочкордо куран окутулуп, ага экс-президент Роза Отунбаева баш болгон айрым саясатчылар, кесиптештери катышышты.

Улан Эгизбаев былтыр Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Бир жылда Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлдү. Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевди көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйлап, аны ата-энесине тапшырган. Ошондой эле, маркум журналистке арналган “Чындык деп жанган өмүр” аттуу китеп кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн. Бул китепте анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.