Илмияновдун камалышы. Кийинки кезек кимде? (видео)

624

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы кайдан келгенин текшериши керек. Мындай демилгени коомдук ишмер Эдил Байсалов көтөрүүдө. Ал өткөн жылы Атамбаев президент кезинде миллиондогон долларлык кирешелерди кайдан келгени боюнча жалган маалымат берген, деп эсептейт.

Ал арада саясий чөйрөдө мурдагы президенттин жакын адамдарынын улам бири коррупцияга айыпталып камакка алынып жаткандыктан, эми кезек кимде деген суроо кызуу талкууланып жатат.