Илмияновдун кармалышы: жаңы жагдайлар (видео)

733

Икрамжан Илмиянов Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камакка алынды. Ага кылмыш жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси менен айып тагылууда. Эми ал соттун чечимине ылайык 28-ноябрга чейин камакта болот.

Кыргыз коомчулугуна «Шопур» деген каймана ат менен белгилүү болгон Икрамжан Илмиянов мурдагы бийликтин тушунда эң таасирдүү адамдардын бири болгон. Атамбаевдин мурдагы айдоочусу, кийин кеңешчиси болгон Илмиянов кадр саясатын чечип келгени айтылып жүрөт. Мындан улам, анын камакка алынышы менен дагы бир топ чуулгандуу кылмыш иштеринин бети ачылышы мүмкүн, дешет эксперттер.