«ИМ» тобу Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү шаарды басып алды

759

Сирияда «Ислам мамлекети» террористтик тобу Аль-Карьятайн шаарын өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Адам укуктарына байкоо салуу боюнча сириялык борбор кабарлады. Маалыматты Твиттер аркылуу жергиликтүү журналисттер дагы ырасташты.

Аталган шаар Пальмирадан түштүк-батышты көздөй, өкмөттүк күчтөрдүн тылында жайгашкан.

Айрым маалыматтар боюнча, шаарда жоочулардын «тымызын түйүнү» болгон. Калааны басып алуу согушкерлер Сирия армиясынын Дейр-эз-Зор шаарынын түштүгүндөгү позицияларына катуу чабуул жасаган маалга туш келди.