Имамидин Ташов «жылдын адамы» деп табылды (видео)

13320

Бекер батирлер менен камсыз кылып, бир топ адамга кыйын күндө кол сунган меценат. «КЖ Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов «жылдын адамы» деп табылды. Атайын топ 2019 — жылы өзгөчө эмгеги менен айырмалангандарды тандашкан.

Добуш берүүгө 50 коомдук уюм менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан. Анын жыйынтыгында, кайрымдуулук менен алектенип, муктаждарга батирлерди бекер бергени менен белгилүү болгон ишкер Имамидин Ташов тандалып алынган.