Империя пиццы: тамак-аштан уулангандардын саны 130дан ашты (видео)

2903

Бишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 130дан ашты. Арасында 15 бала бар. Эң кичинекейи 4 жашта. Алар 23-октябрда борбор калаадагы «Империя пиццы» кафелеринин түйүндөрүнөн пицца, суши-роллы жегенин айтышууда. Учурда бейтаптарды шаардагы 3 оорукана кабыл алууда. Жапырт ууланууга байланыштуу «Империя пиццы» кафесинин Бишкектеги бардык филиалы убактылуу жабылды.

35 тамак-аштан үлгү алынып учурда лабораториялык текшерүү иштери башталган. Буга чейин мындай жайлар мораторий киргизилгенден улам текшерилбей келген. Массалык уулануудан кийин, токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору өлкөнүн бардык аймагында тамак-аш сатуучу жайларды текшерүүнү баштайт.