Индира Жолдубаеванын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынат (видео)

1319

Жогорку Кеңеште башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү мүмкүн. Парламент көзөмөлдөөчү органдын өткөн жылы аткарган иштери тууралуу отчетту карай баштады. Бүгүн бул маселе “Ата Мекен” фракциясынын отурумунда талкууланды. Бирок жыйынга башкы прокурор Индира Жолдубаева өзү катышкан жок. Депутаттар чуулгандуу иштер боюнча маселелерди көтөрүп, бул жаатта көзөмөлдөөчү мекеме начар иштеп жатканын айтышты. Жыйынтыгында, фракция прокуратуранын отчетун канааттандыраарлык эмес деп баалап, Индира Жолдубаевага ишенбестик көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды.