Индияда алты кабаттуу имарат урап, эки адам каза болду

657

Индиядагы Улуу Нойда шаарында алты кабаттуу имарат урап, эки адам каза болду. Күбөлөр имарат бир нече секунддун ичинде кыйраганын айтышууда. Урандылардын астында эки кишинин денеси табылган. Ал эми жаракат алган адамдардын саны 50гө жетти.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, үй эксплуатацияга бир нече жыл мурда берилген. Анда 12 үй-бүлө, көбүнчө — куруучулар турчу.

Бүгүн окуя болгон жерде куткаруучулар издөө иштерин уланып, жапа чеккендерге керектүү жардам көрсөтүлүүдө.