Индиядан учуп келген 19 кыргызстандык Алматы аэропортунда турат

2155

Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда Индиядан учуп келген 19 кыргызстандыкты алып өтүү үчүн трансфер уюштуруу каралууда. Учурда Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен макулдашып жатканы белгиленди.

Ошондой эле, Ирандан жүк ташыган унаанын айдоочулары кайтып келе жатышат. Алардын бир бөлүгү Казахстандын аймагында, экинчиси Россияда болсо, бир тобу Азербайжандын аймагында. Андан башка дагы чет мамлекеттерде калган 200дөй туристтерди кайтарып келүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Коронавируска байланыштуу көпчүлүк мамлекеттер чек араларын жаап жаткандыктан транзиттик жол жүрүү оорлошууда. Жарандар кайтып келүүдө тоскоолдуктар болсо Кыргызстандын тиешелүү элчиликтерине кайрылуулары зарыл.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.