Индонезиянын фейерверк фабрикасында өрттөн 47 адам набыт болду

760

Индонезиянын фейерверк фабрикасында өрттөн 47 адам каза таап, бир канча киши жарадар болду. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги кабарлады.

Жарат алгандардын бир тобунун абалы оор болгондуктан, курмандыктардын саны көбөйүп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар. Күбөлөрдүн айтымында, кечээ таңкы 10дор чамасында фейерверк фабрикасында алгач 2 жолу жарылуу болгон.

Андан соң, кара түтүн чыгып, желимдин күйүгү жыттана баштаган. Кырсык катталган маалда, имараттын ичинде 103 жумушчу болгон. Алардын 47си набыт болуп, калганы жаракат алгандар. Дагы 10 жумушчунун дайыны табылбай жатат.

Индонезияда ири өрттөр бат-баттан катталып турат. Адистердин айтымында, буга ишканаларда коопсуздук талаптары аткарылбай жатканы себеп болууда.