«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысына айып пул салынды

2685

Электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер ишинде паракорчулукка айыпталган жетекчилерге карата Биринчи май райондук соту өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге, Данияр Бакчиевге жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге акчалай айып пул салынып, эркиндикке калтырылган.

Маалыматка караганда, чечим былтыр 29-декабрда чыгарылган. Фемида өкүлдөрү Сарыбаев менен Абдуллаевди 270 миң сомдон, ал эми Мамкаттоонун статс-катчысы Данияр Бакчиевди 230 миң сом айыпка жыккан. Атайын кызмат тергөөдө алар «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамды бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүш үчүн шарт түзгөндүгү аныкталганын билдирди.

УКМК айыпталуучулар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алып, өкүнгөндөрүн эске алып сот ушундай чечим чыгарганын кошумчалады. Ал эми «Коррупция» беренеси менен шек саналып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова эл аралык издөөдө экени кабарланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.