Кыргызстанда виртуалдык паспорттун долбоору даярдалууда

2541

Жакынкы жарым жылдыкта кыргызстандыктар үчүн виртуалдык паспорт киргизилиши күтүлүүдө. «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, учурда «Санарип ID» деп аталган виртуалдык паспорттун долбоору даярдалууда.

Ага ылайык, виртуалдык документ смартфон, тактап айтканда уюлдук телефон системасында иштейт. Смартфондогу паспорт менен бейтапкана, мектептерге онлайн кезекке жазылуу, интернет банкингди колдонуу, мамлекеттик кызматтарды тейлөөнүн электрондук түрүн пайдаланууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Аталган мамлекеттик ишкананын адистеринин айтымында, смартфондогу виртуалдык паспортто маалымат коопсуздугу жогорку деңгээлде корголот. Бул долбоор 2020-жылдын апрель айында ишке кирээри пландалып жатат. Мындан сырткары учурда эмгек китепчеси сыяктуу бир катар мамлекеттик документтерди электрондоштуруу пландалып жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.