Инилеринин кылмышын жашырган майор иштен айдалды (видео)

939

2 адамды аоесуз сабагандарды качырып жиберген 4 милиция кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Алар кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана кылмышты жаап-жашырган деп айыпталууда. Кылмышка шектелип жаткан тартип сакчынын үчөө — Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматында иштейт.

Министрлик болсо беш кишини жазалады. Экөө иштен айдалып, экөөнө сөгүш берилди. Ал эми ага-инисинин кылмышын жашырып, аларды качырган деген майор ички иштер органдарынан кетирилди.