Инспектор жол эрежесин бузган айдоочуга ок чыгарды (видео)

476

Жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлордун ок атуусунан жаракат алган айдоочу эч кимдин үстүнөн арызданбайт. Бул тууралуу ал өзү билдирди. Эскерте кетсек,Чүй областынын Кант шаарында инпектерлор жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткондо ал баш ийбей, качып, жолдо авариялык абал жараткан.

Жол сакчылары артынан түшүп, унааны токтотууга аракет жасап асманга ок чыгарып, андан соң унаанын арткы дөнгөлөктөрүн атышкан. Унаа токтогондон кийин айдоочу инспекторлорго каршылык көрсөтүп, табелдик тапанчасын тартып алууга аракет кылганда, далы тарабына ок жеген, дешет аталган кызматтын өкүлдөрү. Учурда айдоочу ооруканада.