Инспекторлор сахнада (видео)

878

«Шайыр светофор». Ушундай аталыштагы спектаклдын бет ачары бүгүн Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында болду. Ал жолдо жүрүүнүн эрежерелерин балдарга үйрөтүүгө арналган. Анда бөбөктөргө светофордун кайсы жарыгына өтүү керектиги, жол боюна орнотулган белгилер эмнени түшүндүрөөрү тууралуу маалымат ыр-бий аркылуу берилди. Эң маанилүүсү, чыгарма буга чейин орус тилинде гана көрсөтүлүп келген болсо, эми ал кыргызчаланып коюлуп жатат, дешет куурчак спектаклинин авторлору.