Инспекторлорго кол салгандардын бири үй камагына чыгарылды (видео)

1110

Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын инстекторлоруна кол салгандардын бири үй камагына коё берилди. Ордо калаа милициясынын маалыматына караганда, 16 жаштагы кылмышка шектүү туугандарынын кепилдиги менен коё берилген.

Эске салсак, милиция кызматкерлери кол салуу фактысы 2 күн мурда түндө Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон. Анда мушташкандарды тынчтандыруу үчүн тартип сакчысы асманга ок чыгарууга да мажбур болгон. Кошумча экипаж тартылып, эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.