Инстаграмдагы «жакты» белгисинин ордуна чакан долбоор (видео)

9314

Бишкектин 6 кичи районундагы Жаңгак багында жаңы отургучтар пайда болду. Буга инстаграм колдонуучуларынын салымы чоң. «Жакты» белгисин топтоп, ал аркылуу акча тапкан Айбек Сатыбалдиев каражатты ордо калааны көрктөндүрүүгө жумшап келет.

Паркка орнотулган отургучтар анын 3-социалдык долбоору. Бирок активист муну менен эле токтоп калгысы келбейт. Алдыда колунда жок үй-бүлөгө турак-жай куруп берсем деген тилеги бар.