Интеллигенция өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоду (видео)

956

47 адамдын колу коюлган билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди шайлоо алдындагы мыйзам бузууларга көңүл буруу өтүнүчү айтылат. Коомчулук ачык жана таза шайлоону күтүп жатат, андыктан тандоо укугун элдин өзүнө берүү керек. Конституцияны сактап, талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүшү зарыл, деп жазылат кайрылууда. Айрыкча мамлекеттик каналдан шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык болот, деген сөздөрдүн тынымсыз айтылып жатканы коомдук ишмерлерди тынчсыздандырат. Муну бийлик тарап атайын уюштуруп, шайлоо жыйынтыгын бурмалоого жол ачуу үчүн жасалып жаткан жокпу, деген ойлор пайда болууда, дешет интеллигенция өкүлдөрү.