Интеллигенция “Санжыранын” обого чыгуусун талап кылууда (видео)

829

«Санжыра» радиосун кайрадан обого чыгарууга уруксат берүү өтүнүчү менен кол топтоо уланууда. Кыска убакыттын ичинде эл арасында популярдуулукка ээ болгон радионун иши токтоп калганы бүткүл интеллигенция өкүлдөрүн жана салттуу музыкага суусаган угармандарды нааразы кылды. Радионун туруктуу күйөрмандары  социалдык тармактар аркылуу үналгынын обого чыгышын талап кылып жатышат. “Санжыра” радиосу башкалардан уюткулуу кыргыз элинин нарк насилин, каада салтын даңазалоо менен өзгөчөлөнөт. Мындан улам, анын эфирге чыкпай калышы, маданиятка жасалган чоң сокку катары бааланууда.