Интергельпо көчөсүндө жайгашкан кампадагы өрт бүгүн өчүрүлдү

572

Бишкекте Интергельпо көчөсүндө жайгашкан турмуш-тиричилик техникасы сакталган кампадагы өрт бүгүн өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ саат 11:21 башталган өрт бүгүн саат 12:05те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн айынан эки жаран түтүнгө ууланып, алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Алардын абалдары жакшы.

Болжол менен 3 миң 200 чарчы метр жер күйгөн. Кампанын ичинде муздаткыч, чаң соргуч, кир жуучу машина жана башка турмуш-тиричилик техникалары болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.