Интернетте аймактарга бөлүнгөндөр жазаланат (видео)

844

“Аймактар ортосундагы мамилени, карым-катнашты бузуу жана кастыкты козутуу же чакырык таштоо». Мындай берене «Кылмыш жана жаза» кодексине киргизилиши мүмкүн. Учурда мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, аймактар аралык мамилени бузгандар 2,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул демилге Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго таандык. Анын айтымында, бул аракет өлкө элинин бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо жана аймактык бөлүнүүгө бөгөт коюу үчүн жасалууда. Бирок айрым юристтердин пикиринде, «кылмыш жана жаза» кодексине мындай өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Алар «расалык, этностук, улуттук, диний же регионалдык кастыкты козутуу» беренеси боюнча деле чагымчыларды жоопкерчиликке тартса болот дешүүдө.