Интерполдун президенти Мэн Хунвэй кызматтан алынды
662
Интерполдун Лиондогу Башкы катчылыгы уюмдун президенти Мэн Хунвэйдин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алды.
Интерпол башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп уюмдун вице-президенти Ким Чон Ян дайындалды. Жаңы президент эл аралык полиция уюмунун 18-21-ноябрда Дубайда өтө турган башкы ассамблеясынын сессиясында шайланат.
Жекшемби күнү Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэй «кылмыштуу ишмердүүлүккө барган» деген шек менен 25-сентябрда кармалганын ырастаган.
Мэн Хунвэйдин жубайы акыркы жолу күйөөсүнөн «Чалуумду күт» деген билдирүү жана бычактын белгисин алганын билдирди.