Интригалар — түз мамбашкарууга алып келиши мүмкүн (видео)

717

Ушул жекшемби күнү, 28-январда өлкөнүн эки шаарында жана тогуз айылында кайрадан шайлоо өткөргөнү турат. Алардын айрымдарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоо үчүнчү жолу болот. Анткени калаа жана айылдык эл өкүлдөрү жергиликтүү аткаруу органдарынын жетекчилерин шайлай албай, кворум чогулта албай мөөнөтүнөн мурда таркатылган. Бирок ошол саясий оюндарды жасаган депутаттар кайра эле шайлоого аттанышууда. Андыктан жергиликтүү кеңештердин иштеп кетиши дагы деле күмөн жаратат. Ал арада президент мындай маселе жараткан айылдарга тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө мезгил жеткенин эскертти. Андай учурда жергиликтүү аткаруу органдарынын башчылары борбордук бийлик тарабынан дайындалат.