Инвестор Ат-Башыга логистикалык борбор курууну токтотту (видео)

1658

Кытайлык инвестор Ат-Башы районуна логистикалык борбор курбай турган болду. Нарын эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Артур Байтерековдун билдирүүсүнө караганда, чет элдик ишкер жергиликтүү элдин каршылыгынан чочулап, долбоорду жабууга мажбур болду.

Муну менен индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу үчүн 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылат. Инвестор алдын ала төлөгөн 43 миллион сомдон ашуун акчаны кайтаруу боюнча кыргыз өкмөтүнө кайрылганы жатыптыр. Курулуш иштерине эле 280 миллион доллар жумшала турган инвестициялык долбоор эмне үчүн оңунан чыкпай калды?