Ипотека берүү эмне үчүн кечеңдеп жатат? (видео)

2357

Жыл жаңыргандан бери жарандар арзан ипотекага үй алуу үчүн арыз тапшыра албай жатышат. Буга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын арыздарды онлайн кабыл ала турган порталы иштебей жатканы себеп болуп жатыптыр. Бир жагынан «жеткиликтүү турак жай» программасы аяктап, жаңысы кабыл алынбай жатышы да кырдаалды бир топ оорлотууда.

Буга байланыштуу каржылоо да токтоп турат. Ошол эле учурда турак жайлуу болуу үчүн кезекте тургандардын саны 8 миңден ашты. Акыркы 5 жылда өкмөттүн арзан турак жай долбоору калк үчүн канчалык жеткиликтүү болду?