Ипотекага алган үйүнө ээ боло албай калгандар (видео)

840

Бишкектин Улан-2 кичирайонунун тургундары Жогорку соттун имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар соттук териштирүүлөрдүн узакка созулганынан улам, ипотекага алган турак-жайына ээ боло албай жатканын айтышат. Чет элдик инвестор курган көп кабаттуу үйлөр сатылгандан кийин, аларга башкалар ээлик кылып алышкан. Ал ачыкка чыккан соң, кылмыш иши козголуп, тараптар 3,5 жылдан бери соттошуп келишет. Айыпталып жаткан тарап өз күнөөсүн мойнуна алып, буга чейинки инстанцияларда сот ишти тургундардын пайдасына чечип берген. Бирок Жогорку сот ишти кайрадан карап чыгуу үчүн биринчи инстанцияга жөнөткөн. Мындай чечимге тургундар нааразы.