Ипотекалык насыянын шарттары жеңилдейт (видео)

569

Мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чени жакынкы күндөрү төмөндөтүлөт. Мындай талапты президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымы Элмира Абжапарованы кабыл алган учурда койду. Ошондой эле, буга чейин алынган кредиттердин жалпы үстөгүн 7 %га түшүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо тапшырмасы берилди.

Бүгүнкү күнгө карата, 4 миңден ашык адам мамлекеттик ипотекалык насыя алып, үйлүү болушкан. Дагы 5 миңге жакын жаран кезегин күтүп жатат. Мурда бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине гана берилип келсе, азыр жеке компанияларда иштегендерге да жол ачылган.