Ипподромду курууда миллиондогон мыйзам бузуулар табылды (видео)

962

Чолпон-Атадагы ат майданды курууда финансылык ири мыйзам бузуулар аныкталды. Ысык-Көл областынын Бактуу-Долоноту айылында курулган ат майданга коротулган каражат алгач эсептелгенден 3 эсеге ашып кеткен. Мунун баары долбоорлоо жана сметалык документтештирүү жүргүзүлбөгөнүнөн болгон, дешет Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү. Жолго төшөлгөн асфальт да тиешелүү талапка жооп бербейт. Ага кошумча, ипподромду сел каптагандан кийин, анын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүнгөн акча да башка максаттарга жумшалып кеткен. Бул тергөө башталгандагы эле маалыматтар. Текшерүү иштери аяктаган соң, чыгым мындан да көп болушу ыктымал.