Иракта кыргызстандык өлүм жазасына тартылганы боюнча маалымат текшерилүүдө

870

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги «Иракта кыргызстандын жараны өлүм жазасына тартылды» деген маалыматты текшерип жатат. Эске салсак, 2 күн мурда Россиянын “РИА Новости” маалымат агенттиги Ирактын “Аль-Сумаира” телеканалына шилтеме келтирүү менен Багдадда жети чет элдик өлүм жазасына тартылып, алардын арасында кыргызстандык аял дагы бар экенин жазып чыккан. Алар «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулганы үчүн жазаланганы белгиленген.

Бир ай мурда дагы маалымат тарап, анда Иракта кыргызстандык 3 аял террорчулук боюнча жана өлкөнүн чегин мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелип түрмөдө кармалып турганы белгиленген. Алардын жанында балдары бар экени жана аялдар жакында өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экендиги да айтылган. Бул боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тиешелүү жактарга кайрылганы менен жооп келген эмес.

Адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча Сириядагы «Ислам мамлекети» талкалангандан кийин Ирактын түрмөлөрүнө 1,5 миңге жакын аял түшкөн. Алардын көпчүлүгү балалуулар жана ар түрдүү улуттагы согушкерлердин аялдары менен жесирлери.