Ирактагы кош жардыруунун курмандыктарынын саны 70тен ашты

972

Ирактагы кош жардыруунун курмандыктарынын саны 70тен ашып, 90дон ашуун адам ар түрдүү жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясы билдирди. Маалыматтарга караганда, алгач Насирия шаарынын батышындагы ресторанда жанкечти өзүн жардырып, андан соң согушкерлердин тобу эс алуу жайында отурган адамдарды көздөй гранаталарды ыргытышып, ок чыгарышкан.

Көп өтпөй, кол салгандар мина орнотулган машинеге отурушуп, блокпостко келишип автоунааны жардырып жиберишкен. Ирактын коопсуздук кызматтары билдиргендей, кол салгандар «Хашед аш-Шааби» суннит уюмунун согушкерлери болушу мүмкүн. Айрым сайттар болсо, бул кол салууну «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жасаганын билдирип чыгышты.