Ирактан өлкөгө алып келинген балдардын тагдыры (видео)

1248

Ирактан Кыргызстанга алып келинген балдардын көпчүлүгүн энелери Багдад шаарындагы түрмөдө жазасын өтөөдө. Арасында өмүр бою эркинен ажыратылгандар да бар. Бишкекке жеткирилген 2ден 18 жашка чейинки балдар-кыздар учурда реабилитациядан өтүп жатышат. Андан соң, алар жакын туугандарына өткөрүлүп берилет.

Ал эми Россияда өрт кырсыгынан каза тапкан 2 жеткинчектин сөөгү кичи мекени Базар-Коргон шаарына жеткирилип, жерге берилди. 5 жана 8 жаштардагы бир туугандар 6 күн мурда Россиянын Сургут шаарындагы үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн каза болушкан.