Иранда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 207ге жетти

682

Миңден ашуун адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Зилзала Ирандын батышында, Ирак менен чектешкен аймагында катталган. Сейсмологиялык борбордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 7,2 баллды түзгөн.

Жаратылыш кырсыгынан улам Иракта да алты кишинин өмүрү кыйылды. Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, Иранда 70 миңге жакын адам турак жайсыз калды.