Ирандын президенти АКШны «экономикалык терроризмге» айыптады

799

Ирандын президенти Хассан Роухани БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, күн мурун АКШ президенти Дональд Трамптын ушул эле жыйында айткандарына жооп берди.

Роухани Трампты 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк державалар ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден башка өлкөлөрдү дагы чыгууга түртүп жаткан «чыр адам» деп атап, ал АКШ алган милдеттенмелдерди бузуп жатканын билдирди.

Иран президенти Вашингтондун өзөктүк келишимден чыгышы жана «Амеркинанын бир тараптуу мыйзамсыз санкциялары» «экономикалык терроризмдин» формаларынын бири экенин белгиледи.

Роухани айрым өлкө башчылары экстремизм, расизм жана ксенофобиялык тенденцияларды колдоо менен шайлоочулардын добушун алып жатканына өкүнүчүн билдирди. Анын айтымында, мындай лидерлер глобалдык эрежелерди тебелеп, эл аралык интитуттардын кадырын кетирүүдө.

Трамптын БУУ Ассамблеясында айткандарына НАТОго мүчө Түркия менен Франциянын лидерлери дагы терс пикирин билдиришти. Түрк президенти Режеп Эрдоган соода макулдашууларынан «бейбаштык менен» баш тартууга жана экономикалык санкцияларды курал катары жайылтууга эч ким унчукпай карап турбашы керектигин белгиледи.