Ирандын ТИМ башчысы «өзөктүк келишимге» кол койгон өлкөлөрдү кыдырат

873

Жекшембиде Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Пекинге барды. Иран ММКлары бул Зарифтин өзөктүк келишимди сактап калууга багытталган сапарларынын алгачкысы экенин жазышты.

Кытайда өлкөнүн тышкы иштер министри Ван И менен жолугууга ниеттенип жатканын билдирген Зариф бул сапарында Тегерандын мындан аркы ыктымал аракеттери талкуулана турганын айтты. Ал Иран «бардык варианттарга даяр экенин» кошумчалады.

Маалыматка караганда, Кытайдан кийин Зариф келишимге кол койгон башка өлкөлөр менен кеңешүү үчүн Москвага жана Брюсселге барат. Кытай АКШ, Орусия, Франция, Улуу Британия жана Германия менен бирге 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, Иранга карата жарыяланган санкциялар алынып, Тегеран өзөктүк программасын токтотуу милдеттенмесин алган. 8-майда Трамп Вашингтон бул келишимден чыга турганын жарыялаган.

Ирандын ТИМ башчысынын бул турнеси Жакынкы Чыгышта чыңалуу күчөгөн маалга туш келүүдө. Өткөн аптада Сирияда жайгашкан Иран аскерлери менен Израиль армиясы бири-бирине аба соккуларын жасаган.