Ири бизнесмендер кассалык аппаратка каршы тукуруп жатышабы?

4870

Кассалык-көзөмөлдүк машиналарды орнотууга каршы нааразычылыктар уланууда. Бүгүн «Дордой» базарында иштеген соодагерлер менен Экономика министрлиги жана Салык кызматынын өкүлдөрү жолугушту. Ишкерлер ККМдин киргизилишине караманча каршы болушууда. Айтымдарында, пандемиянын кесепетинен ансыз да соода жүрүшпөй, иштер солгундап турат.

Ал эми жаңы салык кодексинин киргизилиши араң турган тармакты биротоло сызга отургузуп коюшу мүмкүн дешет. Аткаминерлер болсо тескерисинче кассалык аппараттар менен иштөө бир топ пайдалуу жана ыңгайлуу болорун айтышууда. Буга ири кирешелеринин көмүскөдө калуусун каалагандар каршы чыгышууда, — дешет алар.