Ири көлөмдөгү психотроптук заттарды ташыган топтун мүчөлөрү кармалды

715

Кыргызстанга Европадан ири көлөмдөгү психотроптук заттарды ташыган топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматтарга караганда маңзат каналынын уюштуруучусу жана аны өлкө аймагында тараткандар кармалган. Алардан ири көлөмдөгү “Экстази” деп аталган психотроптук зат табылган. Кармалган топтун мүчөлөрү Европа өлкөлөрүнөн Борбор Азияга маңзаттарын ташып келип, сатып жүрүшкөн.

Бул факттын негизинде кылмыш-жаза кодексинин «наркотикалык заттарды мыйзамсыз даярдоо, алып жүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.