Ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталды (видео)

4171

Бир жума ичинде коррупциялык схемаларга тийиштиги бар делген экинчи жетекчи колго түштү. Бул жолу өлкөнүн башкы ветеринары Калысбек Жумаканов кармалды. Аны менен катар эле инспекциянын жетекчилигиндеги бир нече киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алар малга бруцеллезго каршы вакцина алуу боюнча бир гана фактыда мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтиргени аныкталды. Ошондой эле финансы полициясы депутат Акылбек Жапаровго байланыштуу ишканада мыйзам бузуу аныкталганын кабарлады. Анын аялына тийиштүү делген компания ири өлчөмдө салык төлөбөй жүргөнү белгилүү болду.