Ири суммада пара талап кылган милиция кызматкери кармалды

3037

Ири суммада пара талап кылып, кармоо учурунда адамды унаа менен сүздүргөн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ага ылайык, 7-ноябрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, ИИМдин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматынын өкүлү күйөөсүнө карата козголгон иш боюнча оң чечим чыгарыш үчүн 3 миң доллар пара талап кылып жатканын айтып арызданган.

23-ноябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында паранын бир бөлүгү катары 50 миң сом алып жаткан жеринен ИИМдин баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматынын Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы колго түшүрүлгөн.

Кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал качканы жатып арыз жазган келинди унаасы менен сүздүрүп кеткен. Учурда жабыркаган келин ооруканада, абалы туруктуу. Шектүү УКМКнын тергөө абагына камалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.