«Ирма» бороонунан курман болгондордун саны 45ке жетти

869

Америка кошмо штаттарында 10 киши, Кубада 10 жана Кариб чөлкөмүндө 35 адам табият кырсыгынан набыт болгону расмий жарыяланды. «Ирма» бороону өзгөчө Кариб чөлкөмүндө эң кооптуу делген бешинчи даражага чейин жетип, кийинчирээк экинчи даражага түшкөн.

АКШнын Флорида штатын да бул табигат кырсыгы каптап, миллиондогон адамдар турак-жайсыз, жүз миңдеген үйлөр жарыксыз калышты. Жергиликтүү тургундар башка аймактарга баш калкалап кетүүгө мажбур болушту.

Кечээ эле АКШнын Улуттук бороондор кызматы Ирманын күчү басаңдаганы менен адам өмүрүнө коркунуч жарата алгандай деңгээлде калып жатканын эскертти.