«Ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосу кесилди

864

5,5 миң гектар өздөштүрүлө элек жерге суу жеткирилип, 20 миң гектардан ашуун аянтты суу менен камсыз кылуу жакшыртылат. Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл областындагы жумушчу сапарынын алкагында «Ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести. Программанын ишке ашуусу менен Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Чүй аймактарында суу чарба объекттери курулуп жана реконструкцияланат.

Мамлекет башчысы өлкөнүн ирригация системасын өнүктүрүү программасынын суу чарба объекттеринин тизмесине кирген, Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо иштери менен таанышты. Аталган каналдагы иштердин жыйынтыгында 500 гектардан ашык дын жер өздөштүрүлүп, 3,5 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылат.

Бул ишке жалпысынан 500 миллион сомго жакын чыгымдалып, реконструкция иштери 2021-жылга чейин бүтүрүү пландалган. Ал эми жалпы «Ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун алкагында 40 миң айыл жашоочусу жумуш менен камсыздалат. Бул программага Кытай Эл Республикасы тарабынан грант катары бөлүнгөн 32 миллион доллар жумшалат.