Иса Өмүркулов саясий кеңештин чечимин чыккынчылык деп атады (видео)

704

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиянын катарынан чыгарылды. Ошондой эле, саясий кеңеш аны фракциядан чыгарууну дагы депутаттарга сунуштады. Социал-демократтардын жетекчилиги Өмүркулов партиянын принциптерин жана уставын бузду деген негиз менен ушундай чечим чыгарганын айтууда.
Өз кезегинде Иса Өмүркулов аны КСДПнын катарынан чыгаргандарды — чыккынчылар деп атап, ал өзү партиянын уставын бузбаганын билдирди. Талдоочулар болсо, соңку окуяларды партиянын кыйроосунун башталышы катары сыпатташууда.